Встреча с руководством Национального банка Кыргызской Республики
Подробнее
Чыгыш / Исходящий № 128 от 06 июля 2026 ж/г

Кредиттик союздарга
2026-жылдын 3-июлунда “КСКК” ААКнун жыйындар залында Координациялык Кеңештин отуруму болуп өттү. Отурумга Кеңештин 17 мүчөсүнөн 16сы катышты. 1 мүчө айрым бир себептер менен катыша алган жок. Жыйынга, мүчөлөрдөн тышкары атайын чакырылган эксперттер да катышышты.
Адегенде жыйынды алып баруу боюнча төрага шайлоо маселеси каралып, мүчөлөр тарабынан кредиттик союздар Улуттук ассоциациясынын Президенти А.Исраиловдун кандидатурасы бир добуштан жактырылды.
Андан соң А.Исраилов жыйынды баштоого кворумдун толук бар экендигин белгилеп, отурумдун күн тартибиндеги биринчи суроону кароого өтүүнү сунуштады жана сунуш катышуучулар тарабынан бир добуштан колдоо тапты.
Күн тартибиндеги уюштуруу маселелери боюнча биринчи суроонун алкагында Координациялык Кеңештин Төрагасын шайлоо талкууга сунушталды. Бул суроо боюнча “КСКК” ААКнун Башкармалыгын Төрагасы Кожеков Ө.А. тарабынан Улуттук ассоциациясынын Президенти А. Исраиловдун кандидатурасы сунушталды. Мүчөлөр тарабынан башка сунуштар түшкөн жок Жыйынтыгында Исраилов А. Координациялык Кеңештин Төрагасы болуп бир добуштан шайланды. Мындан тыщкары Кеңештин катчысын дайындоо маселеси кароого коюлду. Бул маселе боюнча Кеңештин Тэрагасы Исраилов А. өз пикирин билдирип, катчылыка Улуттук ассоциациясынын Вице-президенти А.Эрдолатовдун кандидатурасын сунуштады. Башка сунуш түшкөн жок. Ошентип Координациялык Кеңештин катчылыгына Эрдолатов А. дайындалды.
Андан ары Координациялык Кеңештин отуруму өз ишин улап күн тартибиндеги кийинки суроолорду талкуулоого өттү.
Күн тартибине ылайык, “Кредиттик союз системасынын өнүгүү концепциясы” деген темадагы билдирүүсү менен көз карандысыз эксперт Акбаралиев А. ой бөлүштү.
“Кредиттик союздар каржы компаниясы” ААКнун учурдагы экономикасы жана кредиттик союз системасындагы орду, келечекте өнүгүү жолдору жана багыттары жөнүндө Каржы компаниясы башкармалыгынын Төрагасы Кожеков А.О. кеңири маалымат берди.
Ал эми кредиттик союз системасындагы мыйзам жана укуктук ченемдик актылары, аларды учурдун талабына, системанын мазмунуна дал келтирүүдөгү көйгөйлөргө Координациялык Кеңештин Төрагасы Исраилов А. токтолуп, аны жакшыртуунун жолдорун талкууга койду.
Бардык билдирүүлөрдө Кредиттик союздардын, Каржы компаниясынын жана Улуттук ассоциациянын учурдагы абалы, көйгөйлөрү көп кырдуу талдоого алынып, тийиштүү суроолорду пайда кылып жана алардын стратегиялык өнүгүү келечеги кызуу талкуу жаратты. Натыйжада, көтөрүлгөн маселелер боюнча көптөгөн сын пикирлер жана сунуштар айтылды.
Координациялык Кеңештин кийинки отурумдарын уюштуруу жана өткөрүү кезек кезеги менен Кредиттик союздарга жана Каржы компаниясына жүктөлөрү аныкталды.
Ошентип, Координациялык Кеңештин биринчи отуруму өз ишин ийгиликтүү аяктады.
ОЮЛ “НАКСК”